Кыргызстандын Жогорку Сотунун токтомуна ылайык, “Тумар” радиосунун үн режиссёру Жаныбек Айдаралиевдин өлүмү үчүн соттолгон Максат Эралиев түрмөдөн бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Эске салсак, 2011-жылы 16-октябрда “Тумар” радиостанциясынын үн режиссёру 23 жаштагы Жаныбек Айдаралиев Бишкектеги “Мото” соода комплексинин жанында сабалган. Ал баш сөөгүнөн жаракат алып, ооруканага жеткирилип, бир нече операциядан кийин 9-ноябрда көз жумган. Анын өлүмүнө шектүү деп Максат Эралиев кармалган.
Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын маалыматына ылайык, 2012-жылы 24-майда Бишкектеги Биринчи Май соту Абдразак Боромбаев Максат Эралиевди №47-абакта күчөтүлгөн режимде кармоо менен 14 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарган. 2012-жылы 5-сентябрда Бишкек шаардык соту тарабынан Биринчи Май райондук сотунун өкүмү өзгөртүлүп, Максат Эралиевди 4 жылга чейин эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарылган. Ал эми 2013-жылы 19-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту соттолгондун мөөнөтүн 3 жылга чейин кыскартып, "кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү эскиргендигине байланыштуу" дегенге шылтап Чолпон-Атадагы №44-жатак-абагына жаза мөөнөтүн өтөөгө чечим чыгарган. Абакта Максат Эралиев башы ооруганын айтып кайрылган. Чолпон-Атадагы ооруканада текшергенден кийин ал Бишкектеги ооруканалардын бирине жөнөтүлгөн. Азырынча анын ден соолугу боюнча диагноз чыга элек. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы белгилегендей, Максат Эралиев азыркы тапта абакта түнөбөй, бирок кайда жана эмне кылып жүргөндөрү тууралуу абактын администрациясына айтып, кабарлап турушу керек. Мындан сырткары абактын жетекчилиги уруксат берсе, Кыргызстандын аймагында жүрө алат.
Бул боюнча Жогорку Соттун маалымат кызматы соттолуучуга карата өкүм маркумдун туугандарынын өтүнүчү боюнча жеңилдетилди деп билдирди. Андан сырткары соттолуучунун атасы ооруп каза болгону, апасынын оорусу жана анын үй-бүлөсүнүн жашоого каражатсыз калганы себеп болду деп айтышты.