Өлкөнүн балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Нарында балдардын укуктары боюнча мониторинг жүргүздү

Кыргыз өлкөсүнүн Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова балдардын укуктары менен кызыкчылыктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүүнүн алкагында Нарын облусуна жумушчу сапары менен барып келди. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, сапардын жүрүшүндө президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев, айыл өкмөт башчылары жана социалдык мекемелердин, жашы жете электер менен иштөө боюнча инспекциялардын кызматкерлери менен жолугушууларды өткөрдү.

"Жыпариса Рысбекова Ат-Башы, Ак-Талаа, Нарын райондорундагы жана Нарын шаарындагы социалдык объектилерди кыдырды.

Мындан тышкары, Ак-Талаа районундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери менен мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга мамлекеттик кепилдиктер жана аларды жакшыртуу боюнча жолугушуу өткөрүлдү.

Иш сапардын жүрүшүндө көтөрүлгөн маселелердин чечимдери жеринде талкууланды, балдардын укуктары жана корголуш маселелери боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды жакшыртуу тууралуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин аймактык өкүлдөрүнө сунуштар жана тапшырмалар берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан