Орусиядан келген. Кеминде 15 жаштагы кыз көз жарды

Чүй облуснунун Кемин районунда 15 жаштагы кыз көз жарды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 3-августта саат 9:15тер чамасында Кемин РИИБинин "102" кызматына жашы жете элек кыздын көз жарганы боюнча маалымат келип түшкөн.

Кемин РИИБинин кызматкерлери кыздын аты-жөнүн аныкташканда, ал 2006-жылы туулгандыгы такталган. Ошондой эле жашы жете элек кыздын ата-энеси ажырашып кеткени, алардын бири менен Орусияда 3 жашынан бери жашаганы аныкталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал 2020-жылы 2001-жылы туулган жаран менен таанышып, андан соң нике кыйдырышкан. Андан кийин ал баланын ата-энеси менен Орусияда жашаган, бирок кыз мекенине көз жаруу максатында келген. Кеминде күйөөсүнүн туугандары болгон. Ал 2-августта саат 6:30дар чамасында көз жарган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин
164-берене (Он алты жашка чыга элек адам менен сексуалдык аракеттер) боюнча каттоого алынып, териштирүү иши башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
nazira...
2021-08-03 22:30:23
Айланайын кудай. 14 жашында тиеби ошондо.
+1
Pankration_MMA
2021-08-03 22:45:17
Бөбөктүн атасын россиядан издешиңер керекта эми!
-1
zhaynak
2021-08-03 22:54:08
Кеминге бугун Акаев да барды.
+1
ayzhan12
2021-08-03 23:01:25
Молдолорго нике кыйганды тыйуу салыш керек.
-8
Salixa.
2021-08-03 23:04:18
ayzhan12,нике кыйбай төрөп таштап зынаа менен жүргөндөн көрө нике кыйып жашаган туура эмеспи.
Жаш болсо да нике кыйып жашашыптыр .
+8
ayzhan12
2021-08-03 23:48:55
Salixa.,
Молдолор Нике кыйдырганы менен эки жаш бактылуу кетерине эч кепилдик жок. Андан коро мектеп жашында эле мектептен тушундуру иштенин коп жургузуш керек.
-1
KaGaH
2021-08-04 12:42:40
ayzhan12,чачын жайып жүрсө жакшы деп кой
+1
Liliia
2021-08-04 09:13:46
ayzhan12,молдолорун Айша энебиз 6 жашында турмушка чыккан деп нике кыйып атышса керек да
+3
Shbdn
2021-08-04 05:49:52
Аллахым кыргыз элин башкарып жаткан чондорубуздун жүрөктөрүнө мээримдүүлүк намыс ариет.кыргыз жаштарыбызга ыйман бере кор.шерменде кыла көрбө мусульман кыргыз элиңди Аллах.
0
Asmat84
2021-08-04 09:55:27
Московская жашоону көрүп жасап алса керек да жашоо ушундай турбайбы деп. Москва жаштардын да башкасынын да жашоосун бузуп атат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан