Хабиб Нурмагомедов: "Кыргыз жарандарын бүгүнкү жеңиши менен куттуктайм"

Бүгүн, 3-августта атактуу мушкер Хабиб Нурмагомедов Кыргыз өлкөсүнө келди. Ал Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан турнирге келип катышууда. Анда Нурмагомедов сөз сүйлөдү.

"Ассаламу алейкум, Кыргыз өлкөсү. Мен сиздердин өлкөңүздөргө экинчи жолу келип отурам. Мушкерлер боюнча айтсам, акырындык менен тажрыйба топтой берсе, мыкты болот деп айта алам.

Олимпиада оюндарында күмүш, коло медалга жетип отурасыздар. Бул дагы жаман эмес, эң жакшы көрсөткүч. Финалда алтын медаль аларын каалайм.

Бардык Кыргыз жарандарын бүгүнкү жеңиши менен куттуктайм", - деди Хабиб Нурмагомедов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан