Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Аскер прокуратурасы тарабынан суракка чакыртылды. Бул тууралуу депутат өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Бүгүн эртең менен Аскер прокуратурасына баруу керек. Суу кодексине добуш берүү боюнча чакыртылдым (Давыдов жана Лысий мөңгүлөрүн иштеп чыгуу). Мен мыйзамга каршы добуш берсем да, бул ишти юридикалык эмес, саясий деп эсептейм", - деп жазган Бекешев.