Ош облусунда жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 3-августта саат 20:06да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кара-Кабак, Ачык-Суу айылдарында 2,5 балл, Кашка-Суу, Жайылма айылдарында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.