
Бүгүн, 4-августта айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков түшүм жыйноонун жана тоют менен камсыздоонун жүрүшү, айыл чарба жаныбарларынын экспорту жана импорту үчүн шарттарды түзүү жана карантиндик аймактардын ачылышы жөнүндө маалымат жыйын берүүдө.
Министрдин айтымында, айыл чарба техникаларынын 82 пайызы оруп-жыйноо иштерине даяр.
"Бүгүнкү күндө азык-түлүк продукциясы былтыркы жылга караганда 30 пайызга азыраак. Ошондуктан айрым азыктардын баасы кымбаттап кетти. Бирок биз бааны кармап туруу үчүн бардык аракетти көрүп жатабыз. Биз кээ бир айыл чарба өндүрүмдөрүнө тышка экспорттоого чектөө киргиздик. Эмне себептен өндүрүм аз болгонун баарыңар билесиздер, мөңгүлөр эрибегендигине байланыштуу бизде быйыл сугат суулар аз болду", - деди Жаныбеков