9 ай ичинде УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 298 кылмыш иши козголгон

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 2013-жылы 9 ай ичинде 298 кылмыш иши козголгон. Кылмыш жоопкерчилигине 307 кызмат адамы жана жооптуу кызматкерлер тартылып, алардын катарында укук коргоо, сот фискалдык, прокуратура органдарынын кызматкерлери бар. Коррупциялык кылмыштарды жасоого катышкандыгы жана жасагандыгы үчүн 108 кызматкер камалып, алардын 83ү соттолгон. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Коррупциянын кесепетинен улам мамлекеттин экономикасына жана бюджетине 2 миллиард 475 миллион сом зыян келтирилген. Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына 2012-жылы жана 2013-жылдын 9 айында 3810 кайрылуу жана арыздар түшүп, аларды кароонун натыйжасында 116 кылмыш иши козголгон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан