"UFC'ге өтүү оор эмес, анда кармалып калуу оор". Хабиб Нурмагомедовдун Бусурманкул Абдубаит уулуна берген кеңеши

Кыргыз өлкөсүнүн мушкери Бусурманкул Абдубаит уулу Чолпон-Ата шаарында өткөн аралаш уруш боюнча Хабиб Нурмагомедовдун "EFC 38" турниринде чемпион болду. Кыргыз мушкери турнирдин алкагында орусиялык мушкер Руслан Яманбаев менен кез келип, беттештин экинчи бөлүгүндө атаандашын техникалык нокаут менен жеңип алды.

Мелдештин аягында кыргыз мушкерине чемпиондук курду Хабиб Нурмагомедов өзү тапшырып, жалпы көрүүчүлөрдү куттуктап, сөз сүйлөдү. Ошондой эле Нурмагомедов кыргыз мушкерине өзүнүн акыл-насаатын да айтып өттү.

"Мындай көз ирмемдер жашооңдо экинчи кайталанбайт. Анткени эң алгачкы чемпиондук курду уткан учур бул сенин жашооңдогу эң кубанычтуу учур. Бул турнир Дана Уайтты (UFC уюмунун директору) чындап таң калтырат деп ойлойм. Анткени ал да бул мелдешти көрүп жатат. Мен ага бул жөнүндө айткам.

Эми чемпиондук курду бир-эки жолу коргогондон кийин силердин да UFC`де мушкериңер пайда болот. Сен курду тагынган соң көптөгөн мушкерлердин көзүнө бута болуп көрүнө баштайсың. Сен эми өтө көп эмгектенишиң керек. Үйүңө барып эс алган соң дароо машыгууну башташың керек.

Бусурманкулдун Краснодардагы беттеши эң толкунданткан беттештерден болгон. Ошондо мен ага Кыргыз жергесине барып чемпиондук кур үчүн таймашка даярданышың керек деп айткам. Мына ошондой болду. Жадакалса жеңүүчү аталды.

Мен дагы 15 жашымда дүйнөдөгү эң чоң аренада беттешип баштагам. Бул жакта да чемпион болууну каалап, беттешти көрүп жаткан көптөгөн жаш балдар отурат. Эгер алар өздөрүнө ишенсе жана жакшылап аракет кылышса, эч кандай жакшы шарттары жок эле чемпион боло алышат. Анткени силердин тоолоруңар бар. Климатыңар машыгуу үчүн абдан ыңгайлуу. Ошондой эле силердин абдан мыкты мушкерлериңер бар. Силер машыгуу менен гана дүйнөлүк деңгээлге чыга аласыңар", - деди Хабиб Нурмагомедов өз сөзүндө.

Бусурманкул Абдубаит уулу беттештен соң журналисттерге берген интервьюсунда Хабиб Нурмагомедов ага тордун ичинде чемпион болгонуңдай эле, анын сыртында да чемпиондой болушуң керек деп кеңеш бергенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан