Карантиндик бекеттерде сырттан кирген малдар 3 күн кармалып, кан алынып текшерилет. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков бүгүн, 4-августта маалымат жыйында билдирди.
"Карантиндик бекеттерде сырттан кирген тирүү малдар 3 күн кармалып, кан алынып, ылаңы текшерилет жана идентификациядан өткөрүлүп, кулактарына Кыргыз өлкөсүнүн биркасы тагылат", - деди министр