Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата Эл аралык “Арт-Ордо” фестивалы башталат
Бишкекте 14-ноябрда Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата театрлардын IV Эл
аралык “Арт-Ордо” фестивалы башталат. Бул тууралуу Маданият министрлигинин
басма сөз кызматынан билдиришти. Аталган иш-чара дүйнөлүк театр искусствосун
биргеликте байытууга багытталган. Негизги
максаты театрда эмгектенгендердин чыгармачылыгына стимул жаратуу болуп
эсептелет. Фестивалга КМШ жана башка чет өлкөлөрдүн театрлары катыша алат.