Биз социалдык тармакта

Бишкектеги коомдук транспорттордо коронавируска карата рейддер өткөрүлүүдө

Бишкек троллейбус башкармалыгы коомдук транспортто санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышын камсыздоо үчүн рейддик иш-чараларды улантууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, айдоочуларга бет кап жана дезинфекциялоочу каражаттардын зарылдыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
"Биз айдоочуларга жана шаар тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келебиз. Транспорт кызматкерлерине дезинфекциялоочу каражаттар жана бет каптар берилет. Ошондой эле күнүнө 3 жолу санитардык тазалоо атайын жабдуулардын жардамы менен жүргүзүлөт, ар бир каттамдан кийин нымдуу тазалоо өткөрүлөт.
Урматтуу жүргүнчүлөр, Бишкек шаарынын мэриясы этият болууга жана коомдук транспортто бет кап тагынууга, антисептик колдонууга жана эмдөөдөн өтүүгө чакырат. Эмдөө - коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алуунун эң эффективдүү ыкмасы. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүздөр", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан