"Унаага кыпчылып калган". Караколдо эки унаа сүзүшүп, бир жаран жабыркады

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эки унаа сүзүштү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Каракол шаарынын Карасаев жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде Mercedes-Benz Sprinter менен Volkswagen Passat үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Анда Volkswagen Passat унаасындагы бир жаран унаага кыпчылып калган. Жерине Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылган. Куткаруучулар атайын шаймандары менен жаранды чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан