Нарын облусунун Жумгал районунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Милициянын берген маалыматына караганда, 3-август күнү саат 20:40 чамасында Жумгал райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө Жумгал РИИБинин кызматкери телефон аркылуу Чаек айылынан "Урмат" дүкөнүнүн жанынан анын башкаруусундагы унааны башка унаа сүзүп салгандыгын билдирген.
"Аталган маалымат каттоого алынып, тергөө тобу барган учурда төмөнкүлөр аныкталган. Ошол эле күнү саат 20:30 чамасында Чаек айылынын Мытыев көчөсүндө жайгашкан "Урмат" дүкөнүнүн түштүк тушунан Жумгал районунун Байзак айылынын 1947-жылы туулган А.Т. аттуу тургуну өзүнө тиешелүү унаасын мас абалында күн батыштан күн чыгышты көздөй башкарып бара жатып, өтүүчү жайдын карама-каршы тилкесинен чыгып, милиция кызматкери А.О.нун башкаруусунда бара жаткан унаасын сүзүп жол кырсыгына учурашкан.
Натыйжада А.Т. аттуу тургун Жумгал райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилип, алган жаракатынан эсине келбей каза болгон. Анын башкаруусундагы унаада бара жаткан 5 жаран Жумгал райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылды", - деп билдиришти облустук милициядан.
Ал эми милиция кызматкеринин спирт ичимдигин ичкен же ичпегендигин аныктоо максатында текшерүүдөн өткөргөндө, ичимдик ичпегендиги аныкталган. Милициядан бул окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш уланып жатканын кошумчалашты.