"Милициянын колун тиштеп...". Кыргыз өлкөсүнө келе жаткан 3 Өзбек жараны өткөрмө бекеттен чыр чыгарды

Баткен облусунун Кадамжай районундагы "Пүлгөн" чек ара өткөрмө бекетинде ээнбаштык кылган Өзбекстандын 2 жараны (кыз-келиндер) убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

"30-июль күнү саат 10:55 чамасында Кадамжай шаарынын “Пүлгөн” чек ара өткөрүү пунктунда Өзбекстандын чек арасынан Кыргыз өлкөсүнүн аймагына өтүү үчүн 3 Өзбек жараны COVID-19 илдетинин ПЦР-тестинин тактамаларын санитардык көзөмөл пунктунун кызматкерлерине сунуштаганда, алардын тактамалары Өзбекстан Республикасы тарабынан берилген лабораториялык тизмеде көрсөтүлбөгөндүктөн, аларга Кыргыз өлкөсүнүн аймагына өтүүгө мүмкүн эместигин эскертишкен. Аталган 3 Өзбек жараны чек ара кызматкерлерине баш ийбестен, жалпыга бирдей жүрүм-турум нормаларын одоно бузушуп, оозго алгыс сөздөр менен тилдешип, алардын мыйзамдуу талаптарына баш ийбестен бейбаштык аракеттерди жасашкан.

“Пүлгөн” чек ара өткөрүү пунктунун кызматкерлеринин чакыруусу боюнча окуя болгон жерге Кадамжай РИИБинин милиция кызматкерлери барганда, алардын мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, милиция кызматкерлерин уруп, колун тиштеп алган", - деп билдиришти облустук милициядан.

Бул жагдай Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене ("ээнбаштык, бийлик өкүлдөрүнө же болбосо коомдук тартипти коргоо боюнча милдеттерди аткаруучу башка адамдарга каршылык көрсөтүү") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Өзбекстан Республикасынын 2 жараны убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nazira...
2021-08-04 17:05:29
Лолүлөр да булар.
+5
Zhanara82
2021-08-04 17:25:05
Тоготушпагандайго
+2
EddieNigma
2021-08-04 17:39:45
Озбек тилдуу тозиктерго.
+3
surgeon777
2021-08-04 20:12:08
Ушу тили бурууларды бир уруп эки буктоп эле салып кетпейсинерби!неге жудойсунор?! видеосун коруп нерв болдум,нымтырабай за не подчинение закону Кыргызской Республики деп туруп ургула,аябагыла,озунорго тын болгулачы,бер жактан бет кызарат,катындардан таяк жеп журосунор жудоп.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан