Бүгүн, 4-августта жалпы кыргыз калкы ары толкунданып, ары чоң үмүт артып "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында Айсулуу Тыныбекованын финалдык беттешин күтүп жаткан учур. Ушул тапта балбан кыз төрөлүп-өскөн Кочкор районунда эл кинотеатрга топтолуп, күрөштү биргеликте көрүүгө камынып жатат.
Бул арада SUPER.KG порталы тургундардын ой-тилек, үмүт, мүдөөлөрүн укту.
80 жаштагы Токтобек Аттокуров Айсулуу Тыныбекованы колдоо үчүн кинотеатрга келген.
"Айсулуу Тыныбекованы кайсы жылы экени эсимде жок, бир чемпиондукта утуп келген экен, Кочкордун борборунда жүрүптүр. Ал жерден мен ага жолугуп, каалоо-тилектеримди айтып куттуктагам. Айсулуу Олимпиадага чыкканда аябай кубандым. Кечээ жарым финалдык кармашта чоң экранда Кочкор эли бүт көрдүк. Атаандашын утканда көзүмө жаш тегеренип кетти, зал толо кубанышып, арасында ыйлагандар дагы болду. Бүгүн чоң экранга келип алып Кудайдан тиленип отурам. Олимпиадада кыздар эле эмес, кыргыз жигиттеринин чыкканы деле эсимде жок. Бүгүн чемпион болсо, ыйлап жиберчүдөй болуп турам. Кыргыздын желегин ушундай чоң мелдеште желбиреткен спортчуларыбыз көп болсун", - деди Токтобек Аттокуров.
"Айсулуу финалга чыкты, буюрса, алтын күтүп жатабыз. Айсулуу Олимпиада чемпиону болот. Финалдагы атаандашы менен буга чейин беттешип, эки жолу утуптур. Кечээ күнү ата-энеси менен чогуу кинотеатрдан чогуу жарым финалды көргөнбүз. Айсулууга ийгилик! Айсулуу Кочкордун эле эмес, бүт кыргыз элинин кызы. Айсулуу финалга чыкканда калчылдап, ыйлап баштадым", - дейт жергиликтүү жашоочу Майрамбек Кылычов.
Ал эми 70 жаштагы Эрикбек Дүйшекеев Айсулуу Тыныбекованын атасын жакшы тааный турганын, ал дагы тартипти сүйгөн киши экенин айтып өттү.
"Кыргыз кыздары ушул деңгээлге чейин жетет деп ойлогон эмеспиз. Аябай сүйүнүп турабыз. Сыймыктанганыбыздан Кудай берген кыз деп сүйүнүп отурабыз. Айсулуу Тыныбекова финалда япониялык кыз менен күрөшөт экен. Анын жарым финалдагы беттешин көрдүм, Айсулууга жетпейт экен, биздин кыздын даярдыгы утту. Биздин кыз атаандаштарына бир дагы упай бере элек. Бүгүн тарых жаңыланат. Айсулуу Тыныбекованын атасы менен жакшы таанышмын. Ал дагы карылуу киши. Айсулуу атасына окшош", - деди Эрикбек Дүйшекеев.