Хабиб Нурмагомедовдун маалымат жыйыны атасына куран багыштоо менен башталды

Бүгүн, 4-августта Бишкек шаарында Бүткүл дүйнөлүк UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону, орусиялык белгилүү мушкер Хабиб Нурмагомедовдун маалымат жыйыны өтүүдө. Маалымат жыйын белгилүү мушкердин көзү өтүп кеткен атасы Абдулманап Нурмагомедовго куран багыштоо менен башталды.

Белгилей кетсек, Абдулманап Нурмагомедов белгилүү мушкер Хабиб Нурмагомедовдун атасы, ошол эле учурда машыктыруучусу. Ал былтыркы жылдын 3-июлунда коронавирус илдетинен каза болгон.

Эске салсак кечээ, 3-август күнү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында аралаш уруш боюнча EFC 38 турнири болуп өткөн. Анын алкагында орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Кыргыз өлкөсүнө конок катары келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан