Биз социалдык тармакта

Бишкекте пакистандык студенттердин медициналык окуу жайларда билим алуусу талкууланды

Билим берүү жана илим министрлигинде министр Болотбек Купешев Пакистан Ислам Республикасынын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Сардар Азхар Тарик Хан менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Жолугушууга министрдин орун басары Нурлан Омуров жана Пакистандын элчилигинин миссиясынын жетекчисинин орун басары Тарик Али да катышты.
"Анда тараптар билим жана илим жаатындагы кыргыз-пакистан кызматташтыгы маселелерин талкуулап, кызматташтыкты чыңдоо боюнча андан аркы пландарды белгилешти.
Жолугушууда пакистандык жарандардын Кыргыз өлкөсүндөгү медициналык жогорку окуу жайларында билим алуусу менен байланышкан маселе талкуунун өзөгүн түздү.
Тараптар билим жана илим жаатындагы кыргыз-пакистан кызматташтыгын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү шарттар бар экенин, медицина тармагынан тышкары да так илимдер жаатында, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, инженердик-техникалык адистиктер боюнча кызматташуу кызыгуу жаратышы мүмкүн экенин белгилешти", - деп жазылат министрликтин маалыматында.
Жолугушуунун жыйынтыгында билим жана илим, атап айтканда, медициналык билим жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү максатында тараптар кызматташуу жөнүндөгү протоколдорго кол коюу жолу аркылуу Билим берүү жана илим министрлиги менен Пакистандын Жогорку билим берүү боюнча комиссиясынын, Пакистан медициналык комиссиясынын ортосундагы кызматташтыкты жөнгө салууну макулдашышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_I
2021-08-04 17:29:47
Тез арада билим берүү системасына реформа киргизиш керек. Аты бар, сапаты жок ЖОЖ жоюп салыш керек. Антпесе бизде эшек жайлоо болуп кетти. Диплому барлар толтура, бирок мээлери бош.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан