WhatsApp мессенжеринде колдонуучулар маектештери менен окулган соң дароо өчүп кала турган медиа файлдарды - фото жана видеолорду бөлүшүүгө мүмкүндүк берген жаңы функция пайда болду. Бул функция аптанын аягында жеткиликтүү болот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, медиа файлдарды "бир кароо" режими аркылуу жөнөтсө болот. Колдонуучу видеону же сүрөттү бир эле жолу ачат, андан кийин ал өчүрүлөт жана "көрүлгөн" сүрөтчөсү менен белгиленет.
Жаңы функция жеке документтердин сүрөттөрүн, анын ичинде паспортторду, Wi-Fi сыр сөздөрүн жана башка купуя маалыматтарды, ошондой эле жеке сүрөттөрдү коопсуз бөлүшүүгө мүмкүндүк берет.
Ошол эле учурда "бир кароо" маалында маектеш чатты скриншот кылып тарта алат, аны билдирүүнү жөнөтүүчү билбейт.