Бүгүн, 4 августта Бишкек шаарындагы мейманканалардын биринде Хабиб Нурмагомедов журналисттерге маалымат жыйын берүүдө.
Анда мушкер Хабиб бир канча суроолорго жооп берип жатып кыргыз мушкерлери тууралуу дагы айтты.
"Эки жылда кыргыз жигиттери UFC уюмунун деңгээлинде мыкты жыйынтыктарды көргөзө баштайт", - деди ал.
Эске салсак, кечээ, 3-август күнү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында аралаш уруш боюнча "EFC 38" турнири болуп өткөн. Анын алкагында орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Кыргыз өлкөсүнө конок катары келген.