Бүгүн, 4-августта Бишкек шаарында UFC уюмунун жылдызы, атактуу жеңилбес мушкер Хабиб Нурмагомедов маалымат жыйын берүүдө.
Анда Хабиб Нурмагомедов эң кыйын беттешүүсү акыркы Дастин Порье менен болгон беттеш экенин айтты. Ал бул тууралуу бүгүн Бишкек шаарында маалымат жыйын учурунда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Эске салсак, кечээ, 3-август күнү Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында аралаш уруш боюнча "EFC 38" турнири болуп өткөн. Анын алкагында орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Кыргыз өлкөсүнө конок катары келген.