Чүйдүн Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы “Ал-Суу” ЖЧКсынын даяр продукциялар коюлуучу кампасынан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кечээ, 30-октябрда билдирди. Аталган басма сөздүн маалыматына караганда, өрттүн айынан 1000 коробка арак күйүп кеткен. 1000 коробканын ичинде 9000 бөтөлкө арак болгон. Өрттүн келип чыгуусуна электр шаймандарын колдонууда коопсуздук эрежесинин сакталбагандыгы себепкер болгон.