
Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу
Алмаз Мамбетов муниципалдык ишканалардын жетекчилерин кабыл алды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-августта Алмаз Мамбетов шаар куруу жана муниципалдык менчик, экономика, чарба жана транспорт тармактарынын муниципалдык ишканаларынын жетекчилери жана тийиштүү бөлүмдөрдүн адистери менен жолугушкан.
"Жыйындын алкагында ар бир тармактын жетекчилери, кызматкерлер өз багыты боюнча аткарылып жаткан иштер жана келечек пландар боюнча маалымат беришти. Шаар башчысынын милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов маселелер боюнча ой-пикирин ортого салып, тийиштүү тапшырмаларды берди", - деп айтылат маалыматта.