Орусияда жайгашкан Чукотка автономдуу аймагына августтун башында кыш келди. Аталган аймакта үч күн катары менен уланган кар аралаш бороондун видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.
Анда айлананы каптаган кар аралаш бороон болуп жатканын көрүүгө болот.
Жергиликтүү басылмалардын жазганына караганда, Орусиянын алтын жана күмүш кени деп аталган Купол аймагына кар жааган.
Ал эми буга чейин 29-июлда Магадан облусуна да кар жааганы маалымдалган. Мындан тышкары Ямало аймагында да июнь айынын башында кар жаагандагы видеосу тараган.
"Мындай көрүнүш аталган аймактарда алгачкы ирет болуп жаткан жок" деп жазышат жергиликтүү басылмалар.