Биз социалдык тармакта

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетти жетектеген Камчыбек Ташиев бүгүн да аянтка келди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 4-августта дагы "Ала-Тоо" аянтына келди. Учурда Бишкектин борборунда эл топтолуп, "Токио-2020" Олимпиада оюндарында Айсулуу Тыныбекованын финалдык беттешин көрүүнү күтүп турушат. Аянтка чоң экран орнотулган.

Ташиев кечээ дагы аянтка келип, көпчүлүк менен биргеликте балбан кыздардын жана Акжол Махмудовдун беттешин көргөн. Азыркы тапта беттеш башталганга чейин аянттагылар УКМКнын төрагасы менен сүрөткө түшүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланышууда.

Айта кетсек, Тыныбекова финалдык беттеште япониялык Юкако Каваи менен кез келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zumrudianka
2021-08-04 18:20:28
Аллахым эки достун даражасын дагыда бийик кылсын жуздорун жарык кылсын. Садыр Нуркожоевич жана Камчыбек Кыдыршаевич Аллахым дайыма силерди колдоп коргоп журсун. Душмандарынарды алсыз арсыз кылсын
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан