"Токио-2020" XXXII Жайкы Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча мекендешибиз Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль утту. Балбан кызыбыз финалда жергиликтүү спортчу Юкако Каваи менен кез келип, тилекке каршы 4:3 эсебинде жеңишти алдырып жиберди. Бирок олимпиададагы үчүнчү медалды өлкөбүзгө алып берди.
Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова "Токио-2020" Олимпиадасындагы эң алгачкы беттешин латвиялык Алёна Григорьева аттуу балбан кыз менен өткөргөн. Анда балбан кызыбыз эч кыйналбастан 8-0 эсеп айырмачылыгында жеңишти камсыздаган.
Андан соң чейрек финалдык баскычта румыниялык Криста Тунде менен кез келген. Ал беттеште да мекендешибиз атаандашын мөөнөтүнөн мурда таза жеңиш менен утуп алган.
Ал эми жарым финалда украиналык балбан кыз Ирина Коляденко менен беттешип, каршылашын буйдамга келтирбестен 10-0 эсебинде жеңип Олимпиаданын финалына чыккан.
Бул жеңиштен кийин Кыргыз өлкөсү Олимпиадалык рейтингде бир топ алдыга жылып, 2 күмүш жана 1 коло медаль менен Армения, Колумбия жана Доминикана мамлекеттеринин катарында 58-орунга жайгашты.