Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси болуп Азамат Абсаттаров дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматта айтылгандай, тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов кол койгон.
Буга чейин Азамат Абсаттаров Ош шаарынын мэринин маалымат катчысы болуп иштеген.