
"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында күмүш медалга жеткен
Айсулуу Тыныбекова жеңиштен кийин кыргыз элине кайрылды.
"Кадырлуу кыргыз элим!
Ушул күнгө чейин мени колдоп, демиме дем кошкон ар бириңиздердин каалоо-тилектериңиздерге ийилип таазим кылам!
Азыр ичимде эмоциялар кайнап, чынын айтсам ыйлагым келип турат...
Спорт мени мындай учурларда күчтүү болууга үйрөттү. Такшалдык!
Айта турчу сөз көп. Дагы кенен пикир алмашабыз.
Азыр болсо өлкө намысын кийинки беттештерде коргой турчу спортчуларыбызга ийгилик каалайм! Кыргыз элимдин алтынга болгон үмүтү үчүн күрөшүңүздөр! Алга!
Баары жакшы! Сиздердин колдооңуздар мени дагы да чыйралтат!" - деп жазып калтырган Айсулуу Тыныбекова.