Президент Садыр Жапаров Айсулуу Тыныбекованын беттишин биринчи айым Айгүл Жапарова менен бирге көрдү. Андан соң президент телефон аркылуу эркин күрөш боюнча балбан Айсулуу Тыныбекованы Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болушу менен куттуктады.
"Айсулуу айым, жеңишиң менен куттуктайм! Алтынга жетпей калдым деп эч капа болбо. Сиз бир нече жолу дүйнө жүзүнө дүңгүрөтүп, ким экениңизди далилдеп койгонсуз. Ошол үчүн эч капа болбоңуз. Келечегиңиз алдыда. Күмүш дагы жаман эмес. Бул дагы чоң жетишкендик. Жакшы келип алгыла. Биз тосуп алабыз", - деди президент.