Казакстанда Кыргыз жаранынын катышуусунда адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Казакстандын Айтекеби аймагында Кыргыз жаранынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Анда Фольксваген Гольф унаасынын 30 жаштагы айдоочусу, Кызыл-Ордо облусунун тургуну рулду башкара албай, каршы тилкеге чыгып кетип, 50 жаштагы Кыргыз жараны башкарып бара жаткан Daf унаасы менен сүзүшкөн.