
Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айылындагы суу топтоочу көлмөгө чөгүп кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Билдирүүдө айтылгандай, суу топтоочу көлмөгө адам чөгүп кетти деген маалыматтын негизинде беш куткаруучу саат 18:00дө чыгып кеткен.
Саат 19:30да куткаруучулар 2008-жылы туулган өспүрүмдүн жансыз денесин суудан таап чыгышты.