Полигондо 52 миллион дөңгөлөк топтолгон. Кувейтте жарактан чыккан дөңгөлөктөр төгүлгөн жайда өрт чыкты

Кувейтте жарактан чыккан унаанын дөңгөлөктөрү төгүлгөн жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, өрт 3-августта башталган. Полигондо 52 миллион дөңгөлөк сакталган. Мындай таштанды топтоочу жай космостон дагы көрүнүп турат.

"Өрттүн себептери азырынча айтыла элек. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө дөңгөлөктөрдү өрттөөгө болбойт, анткени бул атмосфераны булгаган зыяндуу заттарды бөлүп чыгарат.

Экологдор өрт жакын арада өчүрүлбөсө, анда бул жаратылышка олуттуу зыян келтириши мүмкүндүгүн айтышууда. Анткени эски дөңгөлөктөрдү күйгүзүүдө коркунучтуу заттар бөлүнүп чыгат", - деп жазылат маалыматта.

Кувейттеги эң чоң унаанын дөңгөлөгү төгүлгөн жай күйүп кетти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Egizderim-baktim
2021-08-05 03:36:57
Абага кандай гана зыян келди, кичине пакет куйсо жаман жыт чыгат. Буларда болбой эле калды даа
+3
Belek1710
2021-08-05 03:48:32
баняга жагышат го бизде
+1
Sakubek
2021-08-05 11:10:13
Бул шлангаңарга өчпөйт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан