Ош облусунун Кара-Суу районунда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ саат 18:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон түшкөн сел суулары топтолуп түшүп Катта-Талдык айыл аймагынын Баш-Булак жана Кара-Сөгөт айылдарына агып кирди.
Селдин кесепетин жоюу үчүн ӨКМнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчылары жана 27 кишиден турган ыкчам топ, өзүнчө куткаруу отрядынан 1 КамАЗ унаасы 2 суу сордуруучу насосу менен жеринде иштеп жатышат.
Катта-Талдык айыл аймагынан 2 даана жүктөгүч тартылып, селдин нугун буруп сел калдыктарын тазалоо иштерин жүргүздү. Ал эми Кара-Сөгөт айылында такталган маалымат боюнча бир үйдүн артынан сел суулары кирип тешип өткөн, 6 адамдан турган үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө зыян келтирилген эмес. 3 чакырым жолун жеп кеткен жол каттамы бар, андан сырткары ички чарбалык 5 чакырым жолду да сел жеп кеткен. Жол кооптуу абалда, бирок каттам бар.