Интернет желесинде жаңы iPhone 13 Pro смартфонунун сүрөттөрү жарыяланды

Интернет тармагында жаңы iPhone 13 Pro смартфонунун сыя көк жана боз түстөгү сүрөттөрү пайда болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Бирок азырынча алар чыныгы iPhone 13 Pro экендиги же жөн гана жаңы смартфондун үлгүсү экендиги белгисиз. Себеби аксессуар өндүрүүчүлөрү көптөн бери смартфондор үчүн телефон каптарды жасап келишет.

Жаңы iPhone 13 Pro смартфонунун негизги жаңылыгы Face ID системасынын иштеши үчүн керек болгон камера жана сенсорлорду камтыган экрандын кыскарышы эмес, кубаттоочу туташтыргычтын жоктугу болуп саналат.

Себеби сүрөттөрдө даана көрүнгөндөй, смартфондордун төмөн жагында мурда Lighting туташтыргычы жайгашкан жерде азыр эки кичинекей магниттик байланыш турат.

iPhone 13 Pro смартфонунун көргөзмөсү ушул жылдын сентябрь айында өтөт. Ошондой эле компания бул смартфондор табылышы кыйын үлгү болорун эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kuban-1207
2021-08-05 14:13:06
Айфон деген аты болбосо батерейкасы аябай слабый көпкө чыдабайт экен
+6
Pankration_MMA
2021-08-05 14:28:28
Мындан көрө Редминин заряды көпкө жетет!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан