Садыр Жапаров менен Хабиб Нурмагомедов жолугушту. Мушкер өлкө башчыга ыраазы (фото)

Президент Садыр Жапаров Кыргыз өлкөсүнө келген UFC уюмунун жеңилбес мушкери Хабиб Нурмагомедовду кабыл алды. Президент менен жолуккан сүрөттөрүн UFC мушкери социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Садыр Жапаров менен таанышканыма кубанычтамын. "EFC" турнирин өлкөңүздө өткөрүүгө жардам бергениңиз үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Биз кийинки жылы турнирди өткөрүү үчүн дагы келебиз", - деп жазды Нурмагомедов.

Хабиб Нурмагомедов өзүнүн "EFC" турнирин өткөрүү үчүн Кыргыз өлкөсүнө 3-августта келген. Турнир Чолпон-Ата шаарында болуп өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Antiradikal3
2021-08-05 14:10:34
Жапаров бекерчи, пиарчы экен. Эмне, кылаарга иш жокпу? Бензин тарыхта 56-58 сом болгон эмес. Жапаров бийликке келгенде бензиндин 1 литри 30 сом болчу, бугун 56-58 сомдон куюп жатабыз. Азык-тулуктордун баасы асманда, суу май, ун, шекер, картофель, сабиз, эт ж.б.

Ал эми айлык маяна, пенсия, пособиелер 2-3 жылдан бери осо элек. Эл кантип жашап жатат деп ойлонгон бийлик жок. Мигранттар болбосо кыргыздар ачкалыктан олмок. Жапаров акмак экен. Элди ойлобогон наадан...
+1
Mister-XXX
2021-08-05 15:03:59
Antiradikal3,С.Жапаров 2020 жылы дуйнодо кризис болот деп 2012 жылы парламентте айткан видеосу бар.Ошого алтындын бир болугун запаска камдап коелу,кризисте кыйналбайлы деп какшаган.Дуйнолук кризисти Жапаров кылган жок да.Эгер ошол айткан убакта президент болгондо,балким кризистен женил отмокмуз.Терен ойлонуп жазсан болмок.
0
Antiradikal3
2021-08-05 21:50:30
Mister-XXX, Жапаровдун мындай "чымыны" бар экенин эл билбей калганын карачы. Ошол жылдары козу ачыктардын конкурстары отуп турган. Ошондо Жапаров утуп кетмек экен эле конкурска катышканда, каап десе. Ошондо утуп кеткенде, бугун Арстан Алай экоо тордо отурушмак чогуу, сен Кудай, мен Кудай деп талашып коюп.

Эми кризиске келсек, Европа,Америка, Россия ж.б. дуйно болугундо, копчулук олколордо биздеги кризис жок. Россияда бензин 1 жылда 80% оскон жок.
0
Antiradikal3
2021-08-05 21:56:24
Mister-XXX, Росси, Европа олколору, АКШда азык-тулуктун баасы 1 жылда 5-15% осту. А бизде 70-100% осту. Бензин Россияда 1 жылда 10% кымбаттады. А бизде 85-90% кымбаттап отурат бензин. Аларда инфляцияга компенсация катары айлык-маяна 5-10% которулду. А бизде айлык-маяна, пенсия, пособие илгерки бойдон. Аларда орточо маяна 800 доллардан 4000 долларга чейин. А бизде орточо маяна болгону 200 доллар. А салыштыра келсен бизде азык-тулук кымбат мисалы Россияга салыштырмалуу. Дурдом!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан