Бүгүн, 5-августта УКМК тарабынан вебкам студияларын уюштурган жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Кыргыз өлкөсүнүн жана КМШ өлкөлөрүнүн жарандары Бишкекте 15тен ашык вебкам студияларын уюштурушкан. Билдирүүдө белгиленгендей, уюштуруучулар жаш кыздарга интернет мейкиндиги аркылуу онлайн секс кызматтарын көрсөтүү үчүн чоң өлчөмдөгү кирешени сунушташкан.
"Бир жумада бир гана студиянын көмүскө кирешеси болжол менен 90-100 миң долларга жеткен, анын 5-10 пайызы гана ушул тармакта кызмат көргөзгөн кыздар үчүн бөлүнгөн.
Алардын жашаган жеринде жана студиялар үчүн ижарага алынган батирлерде жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жүрүшүндө, жумушчулардын кызматына төлөнө турган 27 миң доллар өлчөмүндөгү каражат, ошондой эле компьютердик жабдуулар жана интернеттеги интимдик кызматтарды көрсөтүүгө керектүү буюмдар алынды.
Тергөө тарабынан уюштуруучулар кылмыштуу кирешелерди кыймылсыз мүлк жана башка материалдык баалуулуктар түрүндө мыйзамдаштырышканы аныкталды.
Кыргыз өлкөсүнүн Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ("кармоонун негиздери") ылайык сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кылмыштуу кирешелерди адалдоого шектелип кылмыштын башкы уюштуруучусу П.И. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдардын мыйзамсыз аракеттерин аныктоо үчүн тергөө ыкчам иш-чаралары улантылууда", - деп жазылат маалыматта.