Зеленский Донбасстагы өздөрүн орусиялык деп эсептеген жарандарды Орусияга кетүүгө үндөдү

Украинанын президенти Володимир Зеленский өздөрүн орус деп эсептеген жарандардын Донбасста калуусун чоң ката деп атап, аларга Орусияга кетүүгө кеңеш айтты. Мындай билдирүүнү ал 5-августта "Дом" телеканалына берген маегинде айтканын орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

"Эгер сиз бүгүн Донбасстын аймагында жашап "биз Орусиябыз, биз орустарбыз" деп ойлосоңуз, Донбасста калуу чоң ката, ал эч качан Орусиянын аймагы болбойт. Эч качан", - деген ал.

2014-жылдын февраль айында Украинада мамлекеттик төңкөрүш болуп президент Виктор Янукович бийликтен кулатылган. Андан кийин орус тилдүү калк басымдуулук кылган өлкөнүн чыгышында массалык нааразычылык акциялары башталган. Буга жооп катары Киев бийлиги ошол эле жылдын апрель айынын ортосунда Донбасста аскердик операциясын баштаган. Турак-жайларды массалык түрдө аткылоо, анын ичинде учактарды колдонуунун кесепетинен Донбасс массалык гуманитардык кырсыкка кабылган.

2019-жылдын жазында өткөн президенттик шайлоодо Володимир Зеленский Донбасска тынчтык орнотууну убада кылган, бирок азырынча бул маселе чечиле элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2021-08-06 07:26:32
Донбассты давно эле орустар басып алган.Кеткиле десе эле кетип калчудай
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан