Хакасияда бир үй-бүлөдөн 5 адам өлтүрүлдү. Алар бычакталган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, киши өлтүрүүгө шектелип жергиликтүү тургун кармалган. Ал буга чейин эки аялды өлтүргөндүгү үчүн 18 жыл жазасын өтөп жазында колониядан бошотулган.
"Орусиянын тергөө комитетинин аймактык башкармалыгына, бейшемби күнү республиканын Ширин районундагы Жирим айылында беш кишинин өлтүрүлүшү боюнча маалыматтар келип түшкөн", - деп жазылат маалыматта.
Кылмышка шектелип 1985-жылы туулган тургун кармалган. "Кылмышка шектүү өзүн абдан ачуулуу алып жүрчү жана баарына шизофрения менен ооруйм деп айтчу, баары андан коркчу", - жазылат маалыматта.