51 жаштагы 16 балалуу австралиялык аял дагы да болсо балалуу болууну кааларын айтат

Австралиялык Женни Бонелл аттуу 16 балалуу аял дагы да болсо балалуу болууну каалайт. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, австралиялык 16 баланын энеси Женни Бонелл дагы да болсо балалуу болууну каалай турганын айтып, мүмкүнчүлүгү жеткенге чейин төрөгүсү келерин билдирген.

Бонелл жолдошу экөө 32 жыл мурун баш кошушкан, бул убакыт аралыгында жубайлар тогуз уул, жети кыздуу болушкан. 51 жаштагы Женни көп балалуу болууну каалай турганын, бирок азырынча ал кош бойлуу эмес экенин айткан. Ал кошумчалагандай, ушул куракта кош бойлуу болуу жана төрөө оңойго турбайт, андыктан бул ишке ашса, алар бактылуу болушат. Кош бойлуу болбой калса деле алар ансыз деле бактылуу.
Аялдын айтымында, ал кош бойлуу учурун жакшы көрөт жана дайыма бул абалдан ырахат алып келет.
"Көп балалуу болуу - абдан кубанычтуу. Мүмкүнчүлүгүбүз жеткенге чейин балалуу болууга даярбыз", - деп айткан ал.
Жубайлар балдарды тарбиялоодо колунан келгендин баарын кыларын белгилешип, дээрлик бардык убактысын балдарга арноо туура деп эсептешет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asmat84
2021-08-06 09:46:21
Молодец аял экен. 16ны төрөсө да фигурасы сонун экен биздикилер 2торобой атып эле фигурам бузулду дешет
+1
Gulina90
2021-08-06 12:48:20
Омурлорун берсин,мынча бактылуу аял.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан