Бишкек шаарынын Алтын-Казык жаңы конушунда жайгашкан турак үйгө мас абалдагы жаран кирип барып, үй ээсин сабап, андан соң кожоюндун жубайын ич кийимчен таштанды полигонун көздөй сүйрөп, денесине залал келтирген. Ал 4 жылга эркиндигинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун расмий сайтында айтылат.
Окуянын чоо-жайы:
2020-жылдын 21-мартында болжол менен саат 22:00 чамасында Алтын-Казык конушунда жайгашкан үйлөрдүн биринин терезесинин айнегин мас абалдагы жаран сындырып, үйдүн ичине кирип, үй ээсин темир түтүк менен башына жана аркасына бир нече жолу урган. Ал эми үй ээсинин жубайын качып бара жаткан жеринен халатынан кармаган учурда, анын халаты чечилип ич кийимчен калгандыгына карабай, колунан кармап алып, таштанды полигонун көздөй 500 метрдей сүйрөп денесине залал келтирген. Ал окуя болгон жерден изин жашырып качып кеткени аныкталган.
Соттук медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, жабырлануучу К.С. аттуу жаран менен жубайы Д.Х.нын саламаттыгына жеңил залал келтирилгендиги аныкталган.
Сот отурумунда айыпталуучу күнөөсүн жарым-жартылай моюнга алган
"Мен ал үй ээси менен окуя болордон бир апта мурун таанышкам. Ошол күнү ал мени Алтын-Казык жаңы конушунда жайгашкан үйүнө чакырып, терезе аркылуу үйдүн ичине кирүүсүн айткан. Мен терезеден кирип барганда, бөлмөдө анын жубайы бар экен. Көп өтпөй анын күйөөсү мага карай келип колундагы темир түтүкчөсү менен чабайын деп жатканда, мен анын колундагы түтүктү алып, артына бир жолу уруп жиберсем жерге кулап түштү. Анан мен үйдөн чыгып кетип калгам, терезенин айнегин талкалаган эмесмин жана анын жубайына тийген эмесмин", - деп билдирген айыпталуучу.
Ал эми жабырлануучу төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
"Биздин үйгө айыпталуучу мас абалында келип, терезени бир нече жолу такылдатып, анан эшикти такылдатканынан ачпай койгонбуз. Бир маалда чоң таштар менен терезенин айнегин сындырып киргенде жолдошум коргонуу үчүн темир түтүктү алды, анан айыпталуучу колунан түтүкчөнү тартып алып, аркасына жана артынан баш жагына чапканда жолдошум жерге кулады. Бир маалда ал менин халатымдан кармап, эшик жакка сүйрөп баштаганда халатым чечилип, ошол жерде калган. Ал болсо мени ич кийимчен колуман сүйрөп, кыйкырганыма карабай 500 метрдей таштанды полигонуна карай сүйрөп бара жатканда милициянын автоунаасынын сигналын жана эжемдин кызынын үнүн угуп калып коё берди. Өзү белгисиз жакка качып кетти, айыпкер мени таштанды полигонуна эмнеге сүйрөгөнүнүн максатын билбейм. Ага карата мыйзамдын чегинде жаза кабыл алууңарды суранам", - деп билдирген жабырлануучу.
Өкүм: