Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында Бишкек-Ош унаа жолунун 369-чакырымында Mercedes Benz Sprinter унаасынын айдоочусу рулду башкара албай бакты сүздү. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан маалымдашты.
"Кырсыктын кесепетинен 1990-жылы туулган унаанын айдоочусу каза болуп, 2 аял киши жабыркады.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар жабыркаган адамдарды чыгарып, Кара-Көл шаарынын ооруканасына жеткиришкен. Ал эми каза болгон жаранды куткаруучулар унаадан чыгарып "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен", - дешти аталган мекемеден.