Кечээ, 5-август күнү футбол дүйнөсүндө укмуштуудай жаңылык тарады. Тагыраагы атактуу футболчу Лионель Месси 18 жылдан бери ойноп келген каталондук "Барселона" клубу менен келишимин узартпай тургандыгы кабарланды.
Азырынча карьерасын кайда улантары белгисиз болгон Лионель Мессинин "Барселонадагы" легендарлуу голдору жана майрамдары, "Алтын топ", MSN триосу, Криштиану Роналду менен болгон атаандаштыктарын карап көрдүк.
1. Бул сүрөт көпчүлүк футбол сүйүүчүлөрүнүн эсинде: 2005 -жылдын 1-майында Роналдиньонун чыгарып берген пасын 30-номердеги Лео аттуу аргентиналык футболчу кооз голго айланткан. Бул Мессинин "Барселона" клубундагы алгачкы голу болду.
2. 2005-жылы Месси мыкты жаш футболчу сыйлыгына гана көрсөтүлгөн. "Алтын топ" алууга дагы алдыда төрт жыл бар болчу.
3. Диего Марадонанын стилинде. Месси бул эпизоддо "Хетафе" клубунун оюнчуларынын дээрлик 6-7 футболчусун алдап өткөн.
4. Марадонанын стилиндеги дагы бир гол. 2006-жылы Месси "Эспаньол" клубуна колу менен гол киргизген.
5. 2007-жылы 20 жаштагы Месси "Реал Мадрид" клубуна хет-трик жасаган. Бул беттеш 3:3 эсебинде аяктап, Икер Касильяс жөн гана атаандашынын хет-тригине кол чапкан.
6. 2009-жыл. Көптөн күткөн "Алтын топ". Бул жылы Лионель Месси Криштиану Роналду менен Хавини артка калтырган. Упайлардын айырмасы - эки эседен ашык.
7. Сизде ушунча жөнөкөй гана топтун болушу күмөн. Ал эми Мессиде алты "Алтын" топ бар.
8. Месси 2008/2009-жылдын сезонунда Чемпиондор Лигасынын финалындагы "Манчестер Юнайтед" клубуна каршы оюнда эсепти 2:0 кылган. Бул голду Месси карьерасындагы эң мыкты голу экенин айтып келет.
9. Ошол кездеги мыкты клубдардын бири болгон "Арсенал" клубуна 4 гол киргизүү мүмкүн эмес эле. Муну тилекке каршы, Месси 2010-жылы жасаган.
10. "Барса" 2011-жылы Чемпиондор Лигасынын финалынын алдында. Балким, бул курам XXI кылымдын эң күчтүү командасы.
11. 2011-жылы клубдар аралык Дүйнө чемпиондугунда Неймар менен жолугушуу.
12. "Барсадагы" MSN триосунун легендарлуу сүрөтү: Месси, Неймар жана Суарес. Бул трио Дүйнөдөгү эң күчтүү трио экендиги талашсыз.
13. Лионель Месси "Барселона" менен акыркы ирет Чемпиондор Лигасын 2015-жылы жеңген.
14. "ПСЖ" клубунун үстүнөн 6:1 эсебинде укмуштуудай камбэк.
15. Футбол тарыхындагы легендарлуу сүрөттөрдүн бири. Бул учурда Месси-Роналду атаандаштыгы күчөп жаткан.
16. "Барсанын" элдешкис атаандашы "Реал Мадрид" клубунун үстүнөн дагы бир майрамдоо. 2017-жыл.
17. 2018/19-жылдын сезонундагы Чемпиондор Лигасынын жарым финалында "Ливерпуль" клубунун дарбазасына багытталган кооз гол. Бул голду Месси стандарттык абалдан жаратып, эсеп санын 3:0гө айланткан.
18. Мессинин карьерасындагы эң таасирдүү учурлардын бири - Марадонанын элесине арналган майрам.