Кечээ, 5-августта Ошто "Мак-Бургер" тез тамактануучу жайынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
"5-август күнү саат 19:41 чамасында Масалиев көчөсүндөгү “Мак-Бургер” тез тамактануучу кафесинин ашканасында өрт чыкты. Өрттөн 6 даана электроплита жана эки фритюрница күйгөн.
Учурда өрттүн себеби такталууда", - деп жазылат маалыматта.