"Чыпалак баатыр" каймана аты менен таанылган Зарылбек Аликенов SUPER.KG порталынан өз кайрылуусун жалпы элге жеткирип коюуну өтүндү. Анда ал кыргыз эли колдоп берсе келерки президенттик шайлоого катышарын жана өлкөнүн жетинчи президенти болуу ниети бар экенин билдирди.
Бул боюнча Зарылбек Аликенов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына да жазып калтырган.
"Оо достор! Эми чоң сырды силерге ача кетейин. Мен чоң саясатка аттанып жатам. Силер мени колдоп-коштоп берсеңер Кыргыз өлкөсүнүн жетинчи президенти болоюн деген чоң максат коюп, аракет кылып баштадым.
Буюрса, Садыр Жапаровдон кийин өзүм аттанып чыгайын деп аракет кылып, азыртан күчтүү команда топтоп жаткан учурум. Ошого силер мага түрдүү жактан жардам бере көргүлө. Түшүнүктүү, акылдуу, билимдүү, патриот адамдарды командамда күтөм.
Президент болгонго мага 2 гана жыл жетет. Эгер колдоп берсеңер, 2 жылдын ичинде Кыргыз өлкөсүн бутка тургузуп, гүлдөтүп кетем. Бүт шаарда ылдам жүрүүчү метролор курулат. Коррупцияны жоюп, тартип жагын күчөтөм. Азырынча калган чоң сырларды ачыктабай турайын", - деп жазып калтырды ал.
Ошондой эле Чыпалак баатыр мурдагы президенттик шайлоодон кийин Садыр Жапаровдун үйүндө конокто болгонун жана президентибиздин үй-бүлөсү абдан жакшы адамдар экенин кошумчалады.
Ал эми азыркы тапта Талас облусундагы жайлоолордун биринде "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүү үчүн жаңы ыкмаларды өздөштүрүп жүргөнүн айтты. Мындан тышкары буга чейин ыкмаларын 2000-3000 сомдун тегерегинде арзан баада элге тартуулап келсе, мындан кийин 20-30 миң сомдун тегерегиндеги жогорку баада көрсөтөрүн баса белгиледи.
Эске салсак, Зарылбек Аликенов буга чейин дагы парламенттик шайлоого аттанарын бир канча ирет маалымдаган.