73 жаштагы скейтбордист интернетти багындырууда. Игорь аттуу спортчу скейтборд менен 1981-жылдан бери алектенип келет. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, скейтбордисттин видеосун Инстаграмда сёрфер Макс Тимухин жарыялаган. Интернет колдонуучулары мындай жашта лыжа тебүү түрүндө чеберчилик менен скейтборд тепкен атага суктанган билдирүүлөрүн калтырышкан.
Ошондой эле комментарийлерде анын скейтборду советтик - Ленинград "Спорту" экендигин белгилешкен.