Чүй облусунун Сокулук районунда аял кишини өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Милициянын маалыматына ылайык, 4-август күнү болжол менен саат 23:30 чамаларында Сокулук РИИБине Селекция айылында аял кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.
"Бул фактынын негизинде Сокулук РИИБинин тергөө тобу окуя болгон жерге барып, териштиргенде маркумдун аты-жөнү такталган. Ал 42 жаштагы Ж.А. аттуу аял экендиги аныкталып, денесине кароо жүргүзгөндө жаракаттар бар экени аныкталган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене "киши өлтүрүү" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Издөө жана иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип 37 жаштагы Ч.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Териштирүү учурунда алар ичимдик ичип отуруп, кылмышка шектүү жаран менен каза болгон аялдын ортосунда пикир келишпестик жаралып, уруша кетишкен. Анын кесепетинен аталган аял каза болгон", - деп билдиришти облустук милициядан.
Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.