Жеңиш Молдокматов СИЗО-1ге которулду

Жеңиш Молдокматов СИЗО-1ге которулду. Бул тууралуу "Туран" партиясынын мүчөсү Эрлан Бекчоро уулу билдирди.
Маалыматка ылайык, Молдокматов убактылуу кармоо жайынан СИЗО-1ге которулду.
"Жеңиш Молдокматовго жүрөгүн текшерип турган атайын аппарат коюлганы менен толук анализден өтө электе СИЗО-1ге которушту. Тарапташтары Жеңиш Молдокматовдун стационардык ооруканага которулушун талап кылат", - деп билдирет Бекчоро уулу.
Жеңиш Молдокматов УКМК тарабынан кармалып, башында Ички иштер министрлиги Молдокматовго октябрь окуяларында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратын басып алууга аракет кылган деп айыптаган. Андан соң айыпты “массалык баш аламандык” беренесине өзгөртүшкөн.
Андан соң Молдокматов ачкачылык жарыялап, 11 күндөн кийин ооруп калганына байланыштуу токтоткон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан