Фархат Мусабеков ойногон Казакстандын "Туран" футболдук клубу Лионель Мессини курамына чакырды

Коңшу Казакстандын "Туран" футболдук клубу атактуу аргентиналык футболчу Лионель Мессиге келишим сунуштады. Бул тууралуу аталган футболдук клубдун расмий сайтына жарыяланды.

"Лионель Месси биз сени Түркстан шаарында күтөбүз", - деп жазылды клубдун расмий сайтында.

5-августта "Барселона" футболдук клубу Лионель Мессинин клубдан кетерин жарыялаган. Тараптар экономикалык эрежелерден жана чектөөлөрдөн улам жаңы келишимге кол коюшкан эмес.

Учурда интернет айдыңында Лионель Мессинин Франциянын "ПСЖ" футболдук клубу менен келишим түзөрү айтылууда.

"Туран" футболдук клубунда Кыргыз улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Фархат Мусабеков ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Dembele84
2021-08-07 08:34:24
Азыр мындай приколдор толуп кетти,хоккей,баскетбол баары чакырып жатышат клубунда ойноп бер деп
0
ErkinOkenovich
2021-08-07 09:41:09
Dembele84,койчу ай! Мессини кантип хоккей, баскетболго чакырсын.бул жагын отоле калп болуп кеттиго тууган. Кыргызда соз бар, козду мончок жоголбойт деген. Мыкты футболчу мыкты командага барышы мумкун. Буйруса Гулжигит дагы ошондой даражага барат иншшАлла
-4
Dembele84
2021-08-07 11:03:37
ErkinOkenovich,Прикол кылып жатышат дегенди тушуносунбу сен?Жон эле умный болбой козду чоон ачып окуп анан жазсан!
+3
Rifle_I
2021-08-07 13:32:16
Dembele84,
Мессинин атынан өздөрүнүн клубдарын реклама кылып алышат. Мына супер да жазып чыкты Туран деп.
+1
patriot.kg94
2021-08-07 11:36:37
Дордойго дагы чакырып корбойлубу
+1
bratanyn
2021-08-07 11:50:40
patriot.kg94,акчасын төлөп бере аласыңарбы анан?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан