Бишкекте тергөөчүгө кол көтөргөн кыз кармалды. Окуянын чоо-жайы

Бишкекте Октябрь РИИБинин тергөөчүсүнө кол көтөргөнгө шектүү кыз кармалды. Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан окуянын чоо-жайын айтышты.

"4-августтан 5-августка караган түнү Октябрь РИИБине 1997-жылы туулган Д.Ж. аттуу кыз алып келинген. Ал тергөөчүнүн кабинетинде, мас абалында өзүн агрессивдүү көрсөтүп, кызматкерлердин талаптарына жооп бербей, орой сөздөрдү колдонуп, денесине залал келтирип, кызматтык жабдууларды сындырган. Ал ошондой эле өзүнө жазылган арызды айрып салган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "ээнбаштык" беренеси менен катталып, кыз убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

48 сааттан кийин райондук сот анын баш коргоо чарасын карап чыгат. Ал эми жабыркаган тергөөчүгө карата соттук-медициналык экспертизалар дайындалып юридикалык баа берилмекчи", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан