"Кыргыздын кызы болгонума сыймыктанам". Айсулуу Тыныбекова Япониядан кыргыз элине кайрылды

"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында эркин күрөш боюнча күмүш медаль уткан мекендешибиз Айсулуу Тыныбекова Токио шаарынан жалпы кыргыз журтуна кайрылуу жасады.

"Ардактуу ала-тоолуктар, Япониядан сиздерге салам. Азыркы учурга чейин көптөгөн каалоо-тилектер айтылып жатат. Буга байланыштуу видео кайрылуу жасагым келди. Ар бир айтылган каалоо-тилектериңиздер орундалсын. Мен кыргыздын кызы болгонума сыймыктанам. Себеби сиздердей мыкты жердештерим бар.

Мен дагы бир жолу кайталайм, спорт мындай учурларда мени күчтүү болууга үйрөттү. Менде баары жакшы. Япон эли меймандостугун жогорку деңгээлде көрсөтүп жатат. Келечекте биздин өлкөбүздө дагы Олимпиада оюндары өтсө экен деген тилек кылып жатам", - деп айткан Тыныбекова.

Айсулуу Тыныбекова кыргыз элине кайрылуу жасады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurka_85
2021-08-06 20:27:56
Мен да сыймыктанам кыргыз кызы болгонума. Себеби Айсулуудай,Мээримдей кыздарыбыз бар, силер бар кыргыз кыздарынын намысы, Кадыр баркы дагы которулду алтын кыздар!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан